Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуАлай району 06.08.2014 11:51

Тоо кен байлыктары боюнча мыйзам талкуулоого Алай районунун өкүлдөрү катышып келди

Turmush -  Экономика министрлиги тоо кен жана геология иштери боюнча агенттиктин өкүлдөрү ЮСАИД менен биргеликте тоо кен тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясын талкуулаган областтагы чоң жыйынга Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Мамашарип Мусаев да катышып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

М.Мусаевдин берген маалыматында, 2012-жылы август айында чыккан тоо кен байлыктары боюнча мыйзам талкууга алынды.

Жыйында белгиленгендей, мыйзам бир топ жакшы аракетте болуп жатканы айтылып, жаңы мыйзамга ылайык мындан ары тоо кенди изилдөө же иштетүү боюнча алынган лицензияларды пайдага сатып жиберүү мүмкүнчүлүгү толук жоюлган. Ошондой эле, мамлекеттик геология агенттигинин адистери кайсыл жерде кен иштетиле турган болсо, ошол жердеги жергиликтүү калкка алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү раймамадминистрация жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлө тургандыгын белгилешти.

«Болбосо кен иштетебиз, же изилдөө иштерин жүргүзөбүз деп айрым аймактарга келишкен адистер менен жергиликтүү жашоочулардын пикир келишпестиктери болуп жатканы жашыруун деле болбой калды, - дейт М.Мусаев.

Мындай тоо кен иштерин жүргүзүАлай аймагында да бар. Ошондуктан биз дагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алуубуз керек, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×