Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуАлай району 05.08.2014 18:07

Алай районунда көмүрдүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу 50 сомго көтөрүлдү

Turmush -  Алай районунда көмүрдүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу 50 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу райондун акиминин 1-орун басары Мамашарип Мусаев билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, айыл өкмөттөрдүн аралыгынын алыс жакынына карата тоннасы 3250 сомдон 4150 сомго чейинки каражатты түздү. Бул каражат менен Перити-Коаль көмүр казуу ишканасы өздөрүнүн унаалары менен белгиленген жерге чейин көмүрдү ташып жеткизүү жумуштарын кошо аткарат.

Райондун калкы үчүн бюджеттик мекемелерди кошкондо 13200 тонна көмүр керектелет. Ошондой эле, 13 айыл өкмөттө бирден отун базасы, чоң айыл өкмөттөрдүн бири болгон Гүлчө айыл өкмөтүндө 3 жерде топ база уюштурулат.

Электр энергиясынын абалынын оордугуна байланыштуу райондун калкына ар бир жаран электр энергияны үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×