Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуАлай району 05.08.2014 10:37

Алайда чума, холера ооруларынан кантип сактануу керектигин үйрөткөн окуу болуп өттү (фото)

Turmush -  Алай районунда чума жана холера ооруларын алдын алуу максатында машыгуу сабагы болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Машыгууну Адил Алимкулов жетектеген Алай райондук үй-бүлөлүк медицина борбору, Азиз Жумабаев жетектеген райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору жана райондогу Талантбек Белекбаев жетектеген аймактык оорукана биргелешип өткөрүштү.

Машыгуу үйрөтүү сабагына областтагы чумага каршы бөлүмүнүн санитардык-бактереологиялык лабораториясынын башчысы Бакыт Пазылов, врач эпидемиолог Таалай Мамажанов катышты.

Эске сала кетсек, Алай районунун тоо кыркаларында тактап айтканда, Мурдаш өрөөнүнөн Эркештам жана Сары-Моголдон Кара-Мык аймактарында чуманын очоктору бар экендиги маалым. Андыктан, жергиликтүү элдин бул оорудан оолак болушу, калк арасында алдын алуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн бул машыгуу медицина кызматкерлери үчүн табылгыс окуу болуп калды.

Анткени, бул иш-чара чума, холера ооруларынан кантип сактануу керектигин, эгерде бул ооруга кабылган адам болсо врачка чейинки алгачкы жардамды жана андан кийинки иш-чараларын толук окуп үйрөнүштү.

окуу

маш

чум

ала

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×