Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 31.07.2014 10:49

Алай районунда чакан бизнести өнүктүрүү программасынын алкагында ишкер айымдардын кезектеги жыйыны өттү

Turmush -  Алай районунда Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Алай жана Чоң-Алай райондорунда киреше алып келүүчү чакан бизнести өнүктүрүү программасынын алкагында Бай Алай ишкер Айымдар Ассоцациясына бириккен айымдардын кезектеги жыйыны өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Жыйынга чогулушкан ишкер айымдар тейлөөнүн маданиятын жогорулатуу максатын көздөгөн идеялары менен ой бөлүштү. Тактап айтканда, алар буга чейин «Ашпозчу-официант» курсунан үйрөнүп чыгышкан түрдүү тамактарды, салаттарды, коктейль суусундуктарын, Бишкек, Ош шаарларындагы ресторандарда даярдалган япондордун сушинин эл арасында кеңири жайылтуу максатын көздөштү.

Эгерде мүмкүнчүлүк болуп калса Эгемендүүлүк майрамында улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүнөн сырткары европалык тамак-аштын түрлөрүнүн да көргөзмөсүн уюштурууну пландаштырышууда.

Алайдын окуудан өткөн ашпозчулары өздөрүнүн мындай аракети менен жергиликтүү кардарларды гана эмес, сырттан келген туристтерди да сапаттуу тейлөөгө багыт алган.ь Ошондой эле, алар көркөм кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү багытында да ой бөлүшүштү.

Жыйынга программанын менеджери Камбарбек Адишов, жаштар, аялдар боюнча иш алып барган фасилитатор Наргиза Абдрасулова катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×