Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 31.07.2014 09:37

Алай районунун бир нече айылдарындагы китепканаларга компьютердик жабдуулар тапшырылды (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Алай районундагы Гүлчө айылынын М.Жакыпов атындагы борборлоштурулган китепканасында «Агахан» фондунун «Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо» (MSDSP KG) программасы аркылуу Согонду, Аскалы айылдык китепканаларына, Сары-Могол, Чоң-Бүлөлү, Будалык айылдарындагы мектеп китепканаларына 5 компьютер, көчүрүү машиналары тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу аземге Алай райондук мамлекеттик администрациянын адиси Максатбек Калдыбаев, аталган программанын саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн менеджери Жыпара Эргешбаева, координатору Мирталиб Турабаев, адис Максатбек Калдыбаев, билим берүү боюнча адис Гүлжан Базарбаева жана райондук билим берүү бөлүмүнөн Шарабидин Ибраимовдор катышышты.

Тапшырылган компьютерлердин ар бири 34240 сомго бааланып, (жалпы суммасы 171200 сомду түздү) алдын ала бир жылдык интернет байланышынын да акысы төлөнгөн. «Бул каражаттар Канада элинин бизге берген жардамдары», - деди салтанатта сөз сүйлөгөн Жыпара Эргешбаева.

«Учурда MSDSP KG аркылуу Кыргызстан, Ооганстан, Тажикстан жана Пакистан өлкөлөрүндө «Борбордук Азиядагы Саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо» аттуу долбоор иштеп жатат. Аталган долбоор төрт компоненттен туруп, алардын бири жергиликтүү калктын ден-соолугун бекемдөөгө багытталган. Бул компьютердинңк жабдуу ушул компоненттин негизинде тапшырылды», - деди программанын саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн адиси Максатбек Зикиров.

19

20

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×