Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 30.07.2014 13:50

Фото - Чоң атасы 124 жыл жашап, атасы 104 жашка чыккан 87 жаштагы Ы.Качыбеков жубайы менен бул жылы да Алайдагы Чыйырчык жайлоосуна чыкты

Turmush -  Ош облусундагы Алай районунун 87 жаштагы жашоочусу Ыса Качыбековдун атасы - Качыбек 104 жыл, ал эми чоң атасы Майса 124 жашка чейин жашаган.Ы.Качыбеков 75 жаштагы жубайы менен бул жылы да жай мезгилинде Чыйырчык жайлоосуна жайлоого чыгышты, деп жазылат АКИpress агенттигинин «Репортер» рубрикасында.

Ы.Качыбековдун айтымында, алар байлаган 10 бээден күнүнө 20 литрге жакын кымыз алышып, неберелерине, чөбүрөлөрүнө жөнөтүшөт. Алардын 5 баласы, 24 небереси, 12 чөбүрөсү жана 1 кыбырасы бар.

Мындан тышкары, Ыса аксакал Чыйырчык ашуусуна орнотулган Тилеке баатырдын эстелигине кароолчулук кылып эмгектенет. Ал, 35 жыл Тамбашы колхозунда жылкычы болуп эмгектенген.

«Менин чоң атам Алымбек Даткада кызмат өтөгөн. Ошондой эле, анын жубайы Курманжан Датканы Чоң-Алайдан алып келгендердин бири болгон», - деди Ы.Качыбеков.

Узак жашоо - бул Кудайдын белеги, деп эсептейт, Ыса аксакал.

АКсакал 

Аксакал1 

Аксакал2 

Аксакал3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×