Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 30.07.2014 11:28

Алай районунда батыш айлампасынын пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери башталды (фото)

Turmush -  Алай районунда Озоро айынын аякташы менен батыш айлампасынын пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери башталды.

Аны түптөө иш-чарасына Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Мамашарип Мусаев, орун басары Максатбек Зикиров, райондук кеңештин кошмо жыйынынын төрагасы Шерикбай Жапаңов, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Таировдор катышышты.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 1 млн сомдон ашык сумманы түзгөн бул айлампанын айланасы асфальтталып, түнкү жарыктар орнотулат.

«Каражат жагынан биз да колдоо көрсөтөбүз, бирок басымдуу бөлүгүн коомчулук, демөөрчүлөр, ишкерлер көтөрөт. Каражат жок деп олтура бербей, аракет кылып айылыбызды өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз», -дейт Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Таиров.

IMG_1210


IMG_1208

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×