Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 30.07.2014 09:11

Рамазан айында Алайдагы Чыйырчык жайлоосуна барган туристтердин саны азайды (фото)

Turmush -  Ош облусундагы Алай районунун аймагында жайгашкан Чыйырчык жайлоосунда жай мезгилинде Алай, Кара-Суу райондорунун тургундары малдары менен жайлап, туристтерди кабыл алышат.

Жайлоодогу ар бир боз үйдөн кымыз ичип, ысык боорсок менен каймак татууга болот. Ошондой эле, атайын буйрутма менен койдун этин жана башка тамактарды даярдашат.

Бул жердин коноктору кымыздын даамын өзгөчө мактап, ошондой эле кымыздын сүтүн ичип дарыланууга келгендердин саны да көп болот.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жылдагы туристтик сезон Рамазан айына туш келип калып, келген туристтердин саны башка жылдарга салыштырмалуу аз.

«Сезон учурунда иштеп тапкан каражат керектөөлөр менен балдардын окуусуна жетет», - деди жашоочусу Ырыс.

 

Чыйырчык 5

Чыйырчык 11

Чыйырчык 12

Чыйырчык 14

Чыйырчык 9

Чыйырчык 16

Чыйырчык 13jpg

Чыйырчык 2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×