Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 25.07.2014 18:00

Алай районунун жашоочусу аскер кызматкерине бычак сайды

Turmush -  Ош облусунун Алай РИИБнын Марат Ражапов жетектеген оперативдүү тобу изи сууй электе аскер кызматкерине бычак сайганга шектелген Гүлчө айылынын 24 жаштагы жаранын колго түшүрүштү.

РИИБден билдиришкендей, белгисиз жаран Хонда-Фит үлгүсүндөгү автоунаасы менен №92843 аскер бөлүгүнүн көзөмөл-өткөрүү пунктуна келип, 19 жаштагы катардагы аскер кызматкери Максат уулу Манасбектин бутуна бычак менен сайган.

Оперативдүү иштердин жүрүшүндө эч жерде иштебеген 24 жаштагы О.К кармалган. Ал Алай РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда оперативдүү-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×