Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 25.07.2014 17:50

Алай районунда өзүнүн кайын атасын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Turmush -  Ош облусунун Алай РИИБнын кызматкерлери оперативдүү иштерди жүргүзүүдө өзүнүн кайын атасын өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты.

РИИБнын маалыматына ылайык, 21-июлда Гүлчө айыдында М.К аттуу жаран мас абалында өзүнүн аялын жана аялынын байкесин сабап, аларды башка бөлмөгө бекитип койгон. Өзү башка бөлмөдө телевизор көрүп отурган 62 жаштагы Чырмаш Абдрахмановду, тактап айтканда кайын атасын таяк менен сабап, ал өлүп калганга чейин сабаган.

М.К өзүнүн кылмышын жашырыш үчүн аялына жана башкаларга Ч.Абдрахмановдун кан басымы жогорулап кеткендигин айткан.

Бирок, сөөктү коюу учурунда айылдаш адамдар каза болгон адамдын денесин жууган учурда анын денесинде сабаган ийиздер калгандыгын айтышкан жана бул боюнча милицияга кайрылышкан.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөйдөй, Ч.Абдрахманов алган көптөгөн жаракаттардан улам каза болгон.

Күйөө баласы качып, Бишкек шаарына кетүүгө аракет кылганда Ош шаарынан кармалган. Учурда ал РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, ага карата кылмыш иши козголгон.

25 07 2014_алай

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×