Бөлүмдөр
Жума, 24-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 22.07.2014 15:14

Алайдын борбору Гүлчө айылындагы базардын айланасын тартипке келтирүү максатында рейд жүргүзүлдү (фото)

Turmush -  Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалай Сарыбашовдун демилгеси менен Гүлчө айылындагы борбордук базардын айласын тартипке келтирүү максатында райондогу мекеме жетекчилердин катышууусунда рейд жүргүзүлдү, деп билдирди райадминистрациянын басма сөз кызматы.

Рейддин жүрүшүндө Нарматов көчөсүнүн боюндагы мыйзамсыз курулган объектилер, көчөнүн боюнда жайгашкан сатуучуларга, көчөгө коюлган автоунаанын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Алай, Чоң-Алай райондору боюнча региондук башкармалыгынын башчысына, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы О.Акпаровго, Алай районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси Т.Байташевге, райондук жер кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын башчысы Т.Тажиковго жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго базардын айласын ирээтке келтирүү тапшырмалары берилди.

b-1

b-2

Алай 2

b-4

b-5

b-6

b-7

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×