Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 22.07.2014 09:53

Алайдагы Ош – Сары-Таш - Эркештам жолунда «Фольксваген» унаасы 20 метр бийиктиктен сайга түшүп, айдоочу каза болду

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагыКүн-Элек айылындакечээ, 21-июль күнү саат 15:02лер чамасында Ош – Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун 102-чакырымында мамлекеттик № О35-60Е «Фольксваген» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, 20 метр бийиктиктен сайга түшүп кеткен.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, анын кесепетинен унаанын айдоочусу 1969-жылы туулган А.Исмаилов каза болду.

Окуя болгон жерге ӨКМдин №68 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышып, каза болгон айдоочунун сөөгүн чыгарышып, Алай райондук өлүктөрдү сактоочу жайга жеткиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×