Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 17.07.2014 15:40

Алай районунда 11 жыл мурун курулуп баштаган мектеп эми салынып бүттү

Turmush -  Алай районундагы Алай айыл өкмөтүнүн Көлдүк айылындагы башталгыч мектеп 2003-жылы курулуп башталып, бирок каражат жетишсиз болгондугуна байланыштуу курулуш иши токтоп калган, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, 2009-жылы кайрадан долбоор жазылып, курулуш иши башталган. Бирок, Ош окуясы башталып кетип, курулуш иши дагы токтотулган.

Бирок, учурда райондун акими Т.Сарыбашовдун демилгеси менен «Эрбол» курулуш кампаниясы тарабынан бул курулуш аягына чыкты.

Эми жаңы окуу жылынан тартып, мында жашаган 100дөн ашык кожолуктун кенже курактагы балдары айылдан алыс жайгашкан мектепке барып кыйналышпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×