Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 17.07.2014 14:53

Алай районунун эли ЖК депутаттары менен жолугушууда электр энергияга болгон баанын кымбатташына каршы экендиктерин билдиришти (фото)

Turmush -  Алай районунун активи, жалпы эле коомчулугу электр энергияга болгон баанын көтөрүлүшүнө каршы экендиктерин Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаил Исаков жана Өмүрбек Абдрахмановдор менен болгон жолугушуусунда билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Депутаттар электр энергиянын өздүк баасын аныктоодогу сандардын түрдүү болуп жатканын, 20га жакын фирмалардын 1 киловат энергияны 20 тыйындан сатып алып, кайра элге 70 тыйындан сатып жатышканын, андыктан структурага өзгөртүү киргизүү зарыл экендиктерин, Ширшовдун схемасын жок кылуу идеяларын көтөрүп чыгышкандыктары тууралуу элге кенен маалымат беришти.

Бишкекте жылуу сууга болгон баанын көтөрүлгөнү менен азырынча эл электр энергияны мурдагы баада эле пайдаланып жатышканын айтты.

Мындан сырткары, экономиканы өнүктүрүүдөгү айрым мүчүлүштүктөр, Жогорку Кеңештин камактагы депутаты А.Келдибеков, мыйзамдагы ууру Батукаев, айлык акылардын теңсиздиги, пенсиялардын аздыгы тууралуу жана башка маселелер тууралуу суроолорду беришти.

Жыйынтыгында, эл менен жолугушууга келген ЖК депутаттарына Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов ыраазычылык билдирди.

19

18

17

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×