Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
БаракелдеАлай району, Бишкек 17.07.2014 12:43

Алай районуна 3 тез жардам автоунаасы бөлүндү (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районуна КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги жана КРнын өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фондусу тарабынан 3 тез жардам автоунаасы бөлүндү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Райондогу 73 миңден ашкан калкты медициналык жактан тейлөө ишинде буга чейин 8 тез жардам автоунаасы кызмат кылып келген.

Бөлүнгөн автоунааларды жеринде салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Ага Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов, орун басары Максатбек Зикиров, райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Адил Алимкулов жана медицина кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Райондун акими Т.Сарыбашов районго келген автоунаалар калкты тез жардам менен тейлөөдө элге сапаттуу кызмат көрсөткөн, ак жолтой техникалар болушун тилек кылды.

Алай райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору А.Алимкулов өз сөзүндө автоунаалар Алай, Үч-Дөбө айыл өкмөттөрүнө жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бөлүнгөндүгүн айтты.

10

9

8

11

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×