Бөлүмдөр
Жума, 24-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 15.07.2014 09:26

Алай районунун алыскы Сары-Могол айылында ички чарбалык жолдор оңдолууда

Turmush -  Алай районунун алыскы аймактарынын бири болгон Сары-Могол айылында ички чарбалык жолдор оңдолууда. Тактап айтканда жолдорго шагыл төшөлүп, арыктарга трубалар коюлууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул ишке жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1500 000 акча каражаты каралып, ишти сапаттуу бүткөрүү жагын «Аз-Ал-Наз» жоопкерчилиги чектелген курулуш кампаниясы колго алды. Учурда жолдор кеңейтилип, арыктар казылды.

«Айылда мурда бир гана негизги көчө болгон. Эми айыл арасындагы жолдор ачылып, кеңейтилген соң дагы 3 негизги көчө пайда болду. Эми көчөлөргө ат коюу пландаштырылууда», - дейт Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Аттокур Курмушуев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×