Бөлүмдөр
Жума, 24-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 14.07.2014 18:30

Президент А.Атамбаевдин жарлыгы менен Алай районунда 134 эне «Баатыр эне», 18 эне «Эне даңкы» наамына ээ болушту

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Алай районунда 134 эне «Баатыр эне» наамына, 18 эне «Эне даңкы» наамына ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка ылайык, наамдарды тапшыруу аземине Ош облустук кесиптик кошуундар бирлигинин төрагасы Тайлакбай Мусаев, Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов катышты.

«Кеч болсо да балдарыбызды жонубузга көтөрүп, машак терип, буудай оруп, төл багып кыйынчылык менен чоңойткон эмгегибизди баалап, наам берип жатышы биз үчүн сыймык», - деген баатыр энелер өлкөнүн ар тараптан өнүгүүсүн тилек кылышты.
Энелерди сыйлыктары менен куттуктаган райондун өнөрпоздору концерттик программасын тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×