Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 14.07.2014 17:39

Алайда 17 млн 800 миң сомдук заманбап спорттук комплекстин курулушу башталды

Turmush -  Ош облусуна караштуу Алай районундагы айрым мектептерде спорт зал, спорт аянтчалары болгону менен бардык ыңгайлуу шарты бар спорт комплекс жок. Айыл тургундарынын бул оюн ишке ашыруу максатын Перити-Коаль жоопкерчилиги чектелген көмүр казуу ишканасынын директору Бердибай Примов аткара турган болду.

Рамазан айында элдин батасын алган Бердибай Примов менен анын уулу Улан Примовдор райондун борборундагы стадиондун бир четине заманбап спорт комплексинин курулушун башташты.

Бул күнү анын жер пайын түптөөгө Улан жана Бердибай Примовдордон сырткары, Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Максатбек Зикиров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков жана курулушту бүткөрүүнү колго алган Аз-Ал-Наз ЖЧКсы курулуш компаниясынын төрагасы Шавкат Муминов жана айыл аксакалдары катышышты.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 17 млн 800 миң сомду түзөт. Аталган курулуш кампаниясы ушул жыл ичинде курулуштун чатырчасын жабууга чейинки жумуштарды аткарышат. Учурда куруштун 8-10 млн сомго чейинки иши аткарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×