Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
БаракелдеАлай району, Бишкек 14.07.2014 17:13

Алай РИИБи Ош-Эркештам унаа жолун тосуу фактысы боюнча 42 адамды административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды сотко берүүдө

Turmush -  Ош облусунун Алай РИИБде Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун («Ата-Журт») тарапташтарынын депутатты бошотуу талабы менен Ош-Эркештам унаа жолун тосуу фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.

КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Алай РИИБи 27-майдан 26-июнга чейин жолду тозгон Келдибековдун 4 тарапташтарына кылмыш ишин козгогон.

Кылмыш иштери милиция кызматкерлерин сабоо, хулиганчылык жана өз билемдик фактылары боюнча козголгон.

«Тергөө иштери облустук масштабда жүргүзүлүүдө», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, 47 административдик протокол түзүлгөн, анын ичинен соттун чечими боюнча 5 га 3 миң сомдон айып салынган.

Мындан тышкары аталган иш боюнча 30 күбө сурактан өткөн. Алай РИИБ 42 адамды административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды сотко өткөрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×