Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 14.07.2014 18:07

А.Келдибековдун тарапташтары тосуп алган Ош — Сары-Таш — Эркештам жолунан оор жүк ташыган автоунаалар тоскоолдуксуз өтүүдө (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылындагы Тамчы жергесинде транспорттордун өтүүсү үчүн жол ачык.

Маалым болгондой, 27-майдан 23-июнга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбека Келдибековдун («Ата-Журт») тарапташтары Ош—Иркештам унаа жолун жаап салышкан.

Алар А.Келдибековду камактан бошотуп, аны актап чыгууну талап кылышкан.

Акциянын катышуучулары унаа өтүүчү жерге боз үйлөрдү тигип, бир нече унаа шагыл, таш төгүп, жолду бууп салышкан.

22-июнь күнү вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен парламенттин депутаты Исмаил Исаковдун жолугуусунан соң, акциянын катышуучулары жолду ачууга макулдугун беришкен.

Белгилүү болгондой, А.Маматалиев жолдун жабылышынан улам карапайым жарандар менен катар жеке ишкерлер да миллиондогон чыгымдарга учурап, жабыр тартып жаткандыгын билдирген.

А.Маматалиев жана И.Исаковду Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүнбек Өмүрзаков коштоп, жолдор ачылган. Бирок 12 боз үй жолдун жээгине гана көчүрүлгөндүгү маалымдалган.

1-июль күнү А.Келдибековдун тарапташтары Ош—Иркештам жолундагы акцияны токтотушкан. Ошондой эле 30-июнь күнү жолдун жээгинде 12 боз үй жана 17 катышуучу болсо, 1-июль күнү жолдун жээгиндеги бардык боз үйлөр алынып, жолду бууп турган-шагылдар да тазаланган.

дор 1

дор 2

дор 3

дор 4

дор 5

дор 6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×