Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 14.07.2014 15:42

Алай районунда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталууда (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүндө сметалык баасы 85 млн 182 миң сомду түзгөн 375 орундуу эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу башталууда. Бул тууралуу Алай райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Х.Алимсейитов атындагы бул орто мектептин эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы мектеп куруу айылдын көйгөйлүү маселеси болуп келген.

КРөкмөтү менен Түркия мамлекетинин келишиминин алкагында берилген кредиттин эсебинен быйыл 375 орундуу эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу башталган.

Басма сөз кызматы маалымдагандай, жаңы мектептин курулушуна капсула таштоо аземине Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалай Сарыбашов барып катышып, курулуштун жүрүшү менен жеринде таанышып, айылдын эли менен жолугушту.

Курулуш жумуштарын «Ак-Бата» ЖЧКсы тендерден утуп, азыркы мезгилде мектептин пайдубалын куруу иштери аткарылууда.

алдай мек

алай мекъ

алаймекъ

алай мек

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×