Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 14.07.2014 09:46

Ош облусунун эки районунда бүгүн электр жарыгы болбойт

Turmush -  Ош облусунун Алай жана Өзгөн райондорунда бүгүн, 14-июль күнү электр жарыгы саат 09:00дөн 17:00гө чейин болбойт. Бул туурасында «Ошэлектр» ААК басма сөз кызматы билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, Алай районундагы Үч-Дөбө айылдык башкармалыгында, Өзгөн районунун Кароол айылдык башкармалыгында жарык өчүрүлөт.

Иш-чара пландык-оңдоо иштерине байланыштуу. Анда электр чубалгылар жана электр жабдуулар алмаштырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×