Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 10.07.2014 11:20

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чоң-Алайдагы сел кырсыктарынан аймактарга күйүүчү май жана 5 габиондук торчо бөлүүнү милдеттендирди

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев кечээ, 9-июль күнү Ош облусунун Чоң-Алай районунда 20-июнь күнү катуу жамгырдан улам жүргөн селден жабыркаган Кашка-Суу айыл аймагынын Кабык айылына баруучу көпүрө менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, орун басар көпүрөнү калыбына келтирүүгө 200 литр күйүүчү май жана 5 даана габиондук торчону тез арада чечип берүүнү тиешелүү жетекчилерге милдеттендирди.

Ошондой эле, Кызыл-Туу айылына калкты жана аймакты коргоо максатында курулган дамбанын 35 метр жеринин астын суу жеп, габиондук торчолор төмөндөп кеткен жерин көрүп, аны калыбына келтирүүгө 40 даана габиондук торчолору бериле тургандыгын билдирди.

Р.Рысбаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда Чоң-Алай району облустун жана Республиканын борборунан алыс жайгашкан жана жаратылыш шарты оор аймак катары өзгөчө көңүл бурууга муктаж экендигин билдирип, зарыл учурда техника же күйүүчү май жана курулуш материалдарынан жардам берилип тураарын кошумчалады.

Тема боюнча: Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Р.Рысбаев Чоң-Алайдагы кырсык болгон аймактарды кыдырды (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×