Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 10.07.2014 09:29

Алай районунда айыл чарба эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү

Turmush -  Айыл чарба эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Алай районундагы айыл өкмөт башчылары менен семинар өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Семинарда химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин Оштогу бөлүмүнүн башчысы Каримов Алимжан айыл өкмөт башчыларга «Айыл чарба эгиндеринин түшүмдүүлүгүн канткенде жогорулата алабыз?» деген темада кеңири мазмунда түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы корей өндүрүшүнөн чыккан жер семирткичтер дыйкандардын ишин бир топ жеңилдетет. Тактап айтканда, бул органикалык жер семирткич бардык өсүмдүктөр жерден 10,15 см өсүп чыкканда, суу менен берилерин айтып, аны колдонуу технологиясын кеңири түшүндүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×