Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 10.07.2014 09:24

Алай районунда биометрикалык маалыматтар базасы түзүлүүдө

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда жарандардын биометрикалык маалыматтар базасын түзүү иши башталды. Бул багытта райондо штаб түзүлүп, анын курамы бекитилди.Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, штабдын мүчөлөрү менен алгачкы отурум өткөрүлүп, кандай иш чаралар аткарылары белгилүү болду.

Учурда калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн аттарын тактоо иштери жүрүүдө. Көчөлөрүндө аты коюлбаган Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө 6 көчөгө ат берилип, 1974- жана 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту бар жарандардын тизмелери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×