Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 09.07.2014 16:00

Алай районунда балдардын жайкы лагери ачылып, балдырды акысыз балмуздак менен кубантууда

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда балдардын жайкы эс алуусу боюнча иш-чаралардын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанатка айондук мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адиси Жанарбек Козукеев, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков, билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошунунун төрагасы Аблаз Каримов катышты. Алардын айтымында, эс алуу лагерлери райондун борборлорунда гана эмес, айыл өкмөттөрүндө да уюштуруу пландалууда.

Белгилүү болгондой, аталган райондо стационардык эс алуу лагери болбогондуктан өкмөттүн токтомуна жана Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругуна ылайык балдардын эс алуусу уюштурулууда.

Маалым болгондой, жайлоодогу эс алуу лагерлерин төрт айыл округу каржылап, 60тан ашуун бала эс алууда. Ошондой эле кореялык бейөкмөт уюм менен биргеликте Турганбаев атындагы орто мектепте 100 бала күндүзгү лагерде эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мындан тышкары, Алай райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин каржылоосунда 180ден ашуун бала ар түрдүү атракциондору бар «Сим-Сим» эс алуу паркында көңүл ачууда.

Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Жээнбеков аталган лагерде атайын түзүлгөн графиктин негизинде 190 чамасында баланын күнүгө 3 сааттан келип, ойноп кетүүсүнө мүмкүн экенин билдирди.

Белгилей кетсек, балдар лагерден кетерде сыйлык катары бекер балмуздак берилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×