Бөлүмдөр
Жума, 24-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 08.07.2014 09:00

Алай РИИБи депутат А.Келдибековдун тарапташтарына карата 4 кылмыш ишин козгоп, 5 адамды жазага тартты

Turmush -  Алай РИИБи 27-майдан 26-июнга чейин Ош—Эркештам унаа жолун тоскон Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун («Ата-Журт») тарапташтарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Алай РИИБнин жетекчиси Оролбек Акбаров Turmush басылмасына билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши милиция кызматкерлерин уруп согуу, бейбаштык жана өзүн өзү билүү боюнча козголду. «Иликтөө иши облусук деңгээлде жүрүүдө», - деп билдирди О.Акбаров.

Ошондой эле, 47 административдик протокол түзүлүп, алардын ичинен 5 адам соттун чечими менен айып пул төлөө жазасына тартылды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун («Ата-Журт») тарапташтары Ош—Эркештам унаа жолунун Ош облусунун Алай районундагы Тамчы аймагында жолду бууп салышкан. Аны менен катар учурда да жолдун жээгинде нааразычылык акциясын улантышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×