Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 08.07.2014 11:41

А.Келдибековдун тарапташтары соттун акыйкат чечимин күтүшүүдө

Turmush -  Акматбек Келдибековдун тарапташтары 10-июлда боло турган Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун адилеттүү чечимин күтүп жатышат. Бул тууралуу А.Келдибековду коргоо боюнча комитетинин төрагасы Керим Сарбашев Turmush басылмасына 7-июлда билдирди.

«Биз Орозо айына байланыштуу акцияны убактылуу токтоттук жана толугу менен Ош-Эркештам жолун толук ачтык. Эми биздин кийинки аракеттерибиз соттун чечимине жараша болот», - деди ал.

Белгилей кетсек, тарапташтар 28-майдан 26-июнга чейин Ош-Эркештам унаа жолун депутатты бошотуу талабы менен тосушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×