Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 07.07.2014 16:55

Фото - Алай районунда жайыттарга жолдун салынуусу менен айылдыктардын жашоосу өзгөрдү

Turmush -  Акыркы мезгилдерде Ош облусунун Алай районундагы айрым жайыттарга унаа жолу салынды. Маалыматка ылайык, мындай жолдордун бири Мурдаш айылынан Жыланды, Көлөкө-Арча, Үч-Чат, Шаркырама, Кайыңды жана башка деңиз деңгээлинен 3 миң метрден ашуун жайгашкан жайыттарга салынды.

Жергиликтүү тургундардын бири Арип Өмүров билдиргендей, жолдор аталган айылдан чыккан жеке ишкерлердин колдоосунда жергиликтүү калктын эмгеги менен салынды.

«Жайыттарга жолдун салынышынын негизинде малды унаа менен кайтарып, жоголуп кеткен малды автоунаа менен издеп, айылдыктардын жайкы турмушу өзгөрдү», - деди ал.

Анын айтымында көмүр жана башка керектүү буюмдардын баарын автоунаа менен ташып, жайлоого көчүү да оңойлошту.

Ошондой эле эми боз үйлөрдө жылытуу үчүн темир мештерди колдонулуп, керебет, сандык, кичине шкафтар коюулуп, аны менен катар балдардын оюнчуктары жана велосипеддерин да алып барууга мүмкүнчүлүк жаралгандыгын белгиледи.

«Толук кандуулук үчүн электр жарыгы гана жетишпейт. Бирок көбүнчөсү Кытайдан чыгарылган күн батареяларын колдоно башташты. Ал жарык менен гана камсыз кылбастан, сыналгы көрүүгө, үтүктөөгө, электр чайнегине суу кайнатууга ж.б. шарт түзөт», - дейт А.Өмүров.

Алай 1

Алай 5

Алай 16

Алай 9

Алай 8

Алай 7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×