Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 07.07.2014 14:03

«Алай» футболдук командасына башкы машыктыруучусу болуп А.Татанов жаңы дайындалды

Turmush -  Оштун «Алай» футболдук командасына башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу болуп Айбек Татанов дайындалды. Бул тууралуу 5-июлда «Алай» командасы менен Бишкектен барган «Алга» командасынын беттешүүсүучурунда маалым болду.

Маалыматка ылайык, буга чейин Айбек Татанов «Алайдын» машыктыруучусу болуп келген.

«Алайдын» машыктыруучулук штабындагы өзгөрүүлөр «Алай» командасынын «Алдиер» (Куршаб) жана «Абдыш-Ата» (Кант) командалары менен болгон ийгиликсиз оюндарынан кийин болгон.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен бери «Алайдын» башкы машяктыруучунун милдетин Борис Стрельцов аткарып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×