Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 07.07.2014 12:18

Алай районунда балдар ойноочу жай ачылды

Turmush -  Алай районундагы Алымбек датка жана Курманжан датка сейил бактары чоңдордун гана эмес, эми наристелердин да көңүл ачуучу жайы болуп калды. Анткени бул жерде Сим-Сим балдар ойноочу жайы ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бул жайды иштетип жаткан Таштанкул уулу Мээримбектин айтымында, Гүлчө айылын өнүктүрүү боюнча долбоордун негизинде ачылган бул жайда наристелерге каалагандай шарт түзүлгөн.

«Эң негизгиси аларды бассейн кызыктырууда. Бул жерде наристелердин жашына жараша ойноого жана эс алууга бардык шарттар түзүлгөн. Өзгөчө аларга жана аларды ойнотууга алып келген ата-энелерине да каалагандай шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз», - деди ал.

Эске сала кетсек, райондун борборунда мурда мындай наристелер ойной турган жай болгон эмес. Эми наристелер батутта, катамаранда, желдеме шариктерде, кичинекейлер үчүн машиналарда, үй-бүлөлүк велосипеддерде, стол теннисинде, шазмат, шашки сыяктуу түрдүү оюн-зооктордо ойноп көңүл ачышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×