Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 07.07.2014 11:35

Алай районунда төрт жайлоо бала бакчасы ачылды

Turmush -  «MCDC PKG» коомдук фондунун билим берүү программасы тарабынан Алай районунда төрт жайлоо бала бакчасы уюштурулду. Бул тууралуу фонддун билим берүү программасынын менеджери Ж.Мамытова билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы Аскалы айылында тарбиячынын боз үйүндө мектепке чейинки балдарды тарбиялоо максатында бала бакча уюштурулган. «2010-жылдан тартып атайын гранттын негизинде бул багытта уюштурулган бала бакчаларды боз үй менен камсыз кылуудабыз», - дейт аталган фонддун билим берүү программасынын менеджери Ж.Мамытова.

Белгилей кетсек, Ош облусу боюнча 16 жайлоо бакчасы бар.

Тема боюнча: Алай районунун Чыйырчык жайлоосунда бала бакча ачылды (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×