Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 07.07.2014 09:40

Алай районунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлыктар тапшырылды

Turmush -  Алай районундагы Адил Алимкулов жетектеген үй-бүлөлүк медицина борборунун ак халатчандары өздөрүнүн кесиптик майрамдарын белгилешти, деп билдирет аймактык кабарчы. Салтанатта аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Мария Миянбекова эмгек жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле, ал Чыныгүл Шоорукова, Манзура Мамытова, Марапат Торубаева жана Мария Миянбековаларды КР саламаттыкты сактоонун мыктысы деген төш белгиге ээ болушкандыгын белгиледи.

Ишиндеги ийгиликтери менен айырмаланган бир топ ак халанчандар областагы саламаттыкты сактоо тармагынын, райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталарына татыктуу болушту.

Дарыгерлер бул күнү өз кесиптерине ылайыкташкан оюн-зоокторду, викториналык суроо жоопторду уюштурушуп, анын жеңүүчүлөрү баалуу жана акчалай сыйлыктарга татыктуу болушту.

Спорттук оюндар уюштурулуп, ал волейбол, аркан тартыш, шахмат, шашки сыяктуу оюндар менен коштолду. Жыйынтыгында аталган борбордун кесиптик кошуну тарабынан жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктарга татыктуу болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×