Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 07.07.2014 09:28

Алай районунун Чыйырчык жайлоосунда бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районунун босогосу аталган айтылуу Чыйырчык жайлоосунда №3 Наристе балдар бакчасынын алдында түзүлгөн Жайлоо бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын ачылуу салтанатына Эм ЭсДиЭс ПиКейДжи коомдук фондунун билим берүү программасынын менеджери Жылдыз Мамытова, координатору Динара Жумабаева, аталган фонддун райондогу адиси Гүлжан Базарбаева, Гүлчө айылдык округунун башчысы Болотбек Таиров, Алай районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы Шерикбай Жапаёов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков катышты.

Жайлоо бала бакчасында “Үй-бүлөлүк китеп окуу» жана «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында атайын окуудан өтүп келген Саадат Дүйшөбаеванын «Апликация чаптоо» демонстрациялык экскурсия сабагына күбө болушту. Сабак «Кызыл гүл» деп аталып, балдар гүлдүн тамырынан тартып, гүл ачып айланага кооздук бергенге чейинки мезгилдерин чагылдырышты. Алар төрт топко бөлүнүшүп, кийизден, боелгон таштан, пластилинден, апликациядан жана камырдан гүл жасашып келген конокторго тартуулашты. Бакчага 3 жаштан 13 жашка чейинки наристелер тартылган.

«Бакчага бул жакка жайлоолоп чыккан райондун бардык аймагындагы жана айрым Кара-Суу районунан келгендердин да балдарын тарттык. Учурда балдардын саны 30га жетип калды», - дейт №3 балдар бакчасынын башчысы Гулийпа Апылаева.

алай жайлоо2

алай жайлоо

алай балаъ  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×