Бөлүмдөр
Жума, 24-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 01.07.2014 12:09

А.Келдибековдун тарапташтары Ош—Эркештам унаа жолунун боюна тигилген боз үйлөрдүн барын алышты

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Ош — Эркештам унаа жолунун четинде митинг өткөрүп жатышкан Акматбек Келдибековдун тарапташтары каршылык акциясын токтотту. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ, 30-июнда эрте менен 12 боз үй тигилип, анда 17 адам бар болчу. «Ошол эле күнү кечинде бир канча боз үй чечилди. Бүгүн, 1-июлда эрте менен бир дагы бой үй калган эмес, бардыгы алынган. Ошондой эле жол тосуу үчүн чогултулган таш, шагылдар да алынган», - деп жазылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×