Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 30.06.2014 11:12

Ош - Эркештам унаа жолунун четинде А.Келдибековдун тарапташтары каршылык акциясын улантышууда

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтары 27-июнда Ош облусунун Алай районунун Ош-Эркештам унаа жолунун четинде каршылык акциясын кайра улантышты. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнда Ош-Эркештам унаа жолунун четинде 12 боз үй орнотулган жана ал жакта 17 адам бар.

«Каршылык акциясынын катышуучулары өздөрүн тынч алып жүрүшүүдө жана транспорттун өтүшүнө тоскоолдук кылышкан жок, - деп билдиришти башкармалыктан.

Эскерте кетсек, 22-июнда митингчилер менен вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана парламенттин депутаты Исмаил Исаков жолугушкан, анда алар каршылык акциянын катышуучуларын жолдун ачышына үндөшкөн.

Мындан кийин 23-июнда митингчилер унаа жолу ачышкан жана боз үйлөрдү чечишип, шагылдарды жана таштарды жолдордон алышкан.

«Учурда жолдун жээгинде 17 адам акцияны улантууда, алардын 10у аялдар. Жол ачылгандан кийин акциянын катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле белгиленгендей, А.Келдибековдун тарапташтары тарабынан каршылык акциясы башталгандан бери бир нече мыйзам бузуулар болгон. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

«Тергөө 3 кылмыш боюнча жүргүзүлүүдө. Жол ачылгандан кийин 200дөн көп адам көрсөтмө беришти, - деп маалымдайт башкармалыктын басма сөз кызматы.

Тема боюнча: Бүгүнкү күндө Алайда А.Келдибековдун бошотулушун талап кылган ондон ашык тарапташы 12 боз үй менен акцияны улантууда

А.Келдибековдун жолду тоскон тарапташтарына карата 3 кылмыш иши иликтенүүдө, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерине кол салуу фактысы да бар

А.Келдибековдун тарапташтары Ош - Эркештам унаа жолун толук ачты, бирок каршылык акциясы уланууда

Депутат А.Келдибековдун тарапташтары боз үйлөрдү чечип, жолдогу таштар менен шагылдарды алышты

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×