Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 27.06.2014 15:20

Бүгүнкү күндө Алайда А.Келдибековдун бошотулушун талап кылган ондон ашык тарапташы 12 боз үй менен акцияны улантууда

Turmush -  Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылган тарапташтары 12 боз үй менен каршылык акциясын улантууда.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев Тurmush басылмасына билдиргендей, учурда акциянын катышуучуларынын саны 10дон ашуун.

Эске салсак, ушул жылдын 27-июнунда А.Келдибековдун тарапташтары тарабынан тосулган Ош - Эркештам унаа жолу 23-июнда митингге чыккандардын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана ЖК депутаты Исмаил Исаков жана башка бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушуудан кийин ачылган. Бирок, митингчилер А.Келдибековдун бошотулушун талап кылуу менен акцияны жолдун четинде улантууда.

«Учурда жолдун жээгиндеги сайдын боюнда 17 адам акцияны улантууда. Алардын ичинен 10 адам аялдар. Жол ачылгандан бери акциянын катышуучулары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлө элек», - деди Ж.Ашырбаев.

Мурдараак маалымдалгандай, акция башталгандан бери А.Келдибековдун тарапташтарына карата мыйзам бузуу, милиция кызматкерлерин ур-токмокко алууга байланышкан кылмыш иштери козголгон.

«Козголгон 3 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Жол ачылгандан бери 200 күбө көрсөтмө берип кетишти», - деп кошумчалады Ж.Ашырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×