Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 27.06.2014 11:05

Жаңы-Алайдын тарыхындагы эң алгачкы күнөскананын бадыраңдары бышты

Turmush -  Жаңы-Алай айыл өкмөтү Алай районунун чөл зонасында жайгашкан аймак болгондуктан күнөсканада бышкан бадырыңдар базарга сатыкка чыгып, өз кардарларын кубантууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Белгилей кетсек, бул Алай районунун тарыхында эң алгачкы күнөсканада өстүрүлгөн бадырың болуп эсептелет.

Аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаилов Абдыбап билдиргендей, дыйкан Асанов Мурат үй-бүлөсү менен 10 сотук аянттагы жер алып, андагы 4 күнөсканага мыкты сорттогу бадыраң өстүрүп, эми эмгегинин акыбетин көрүүдө. Аны менен катар дыйкандын бул эмгеги менен үй-бүлөсүнүн экономикалык абалын, жашоо шартын жакшырта алгандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×