Бөлүмдөр
Жума, 24-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 26.06.2014 10:36

Орусия президенти В.Путин алайлык 90 жаштагы ардагер С.Тилдебаевге 3 миң рубль сыйлык берди

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну, жашы 90дон ашып калган согуштун катышуучусу Сасык ТилдебаевгеОрусиянын президенти Владимир Путин тарабынан жөнөтүлгөн 3 миң рубль сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, В.Путин мындай сыйлыкты согуштун ар бир катышуучусуна миллиондогон адам өмүрүн алган каардуу согуштун башталыш күнүнө карата берди.

Алай районунда согуштун 15 гана катышуучусу калган. Областтык ардагерлер кеңеши тарабынан тапшырылган Путиндин бул сыйлыгын көпчүлүк ардагерлер Жалал-Абад областынан алып келишсе, С.Тилдебаев ал жакка барууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Орусиянын президенти тарабынан берилген 3 миң рублди ага Алай районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаркынбай ажы Момунов үйүнө барып тапшырды.

Согуш ардагери үйгө келип кабар алгандыгы үчүн ажыга жана анын орун басары Р.Абдуллаевге ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×