Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 26.06.2014 10:24

Алайдагы «Ак ниет» балдар бакчасы облуста мыкты деп табылып, республикалык сынакка жолдомо алды

Turmush -  Ош облусуна караштуу Алай районундагы Айнура Тешебаева жетектеген №5 «Ак ниет» балдар бакчасы облуста өткөн кароо-сынакта биринчи орунга татыктуу болуп, республикалык сынакка катышууга укук алды. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Маалымат боюнча, бала бакчага бул жетишкендиги үчүн 1-даражадагы диплом жана сыйлыктар ыйгырылды.

Салтанат Алай райондук билим берүү бөлүмүндөгү ресурстук борбордо өтүп, облустан келген коноктор №5 балдар бакчасында наристелерге түзүлгөн заманбап шарттар менен дагы бир ирет таанышып чыгышты жана чыгармачылык менен иштеген жетекчинин эмгегине жогору баа беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×