Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 25.06.2014 09:34

Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолун таш көчкүдөн тазалап, кеңейтүү иштери улантылууда

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Ош – Сары-Таш - Эркештам унаа жолу таш көчкүдөн тазаланып, кеңейтүү иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 20-июнь күнү саат 14:00 чамасында Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 167-чакырымында (Талдык ашуусу) көлөмү болжол менен 8960 м³ (узундугу 80 м, бийиктиги 8 м, туурасы 14м) болгон таш көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Тазалоо иштерин Унаа жана байланыш министрлигинин Ош – Сары-Таш – Эркештам жол башкармалыгынан 3 жүктөгүч, 4 самосвал, 1 экскаватор жана 1 грейдер тартылып, 23-июнь күнү саат 19:00дө унаалар өтүүсүнө бир багытка ачылды. Кеңейтүү иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×