Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 25.06.2014 10:50

Оштун «Алай» футболдук командасы Нарындын «Ала-Тоо» командасын 4:0 эсебине жеңди (фоторепортаж)

Turmush -  Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда кечээ, 24-июнь күнү Оштун «Алай» жана Нарындын «Ала-Тоо» футболдук командаларынын футболдук беттешүүсү болуп, «Алай» командасы «Ала-Тоо» командасын 4:0 эсебине уттуп кетти. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, оюндун 18-мүнөтүндө «Алай» командасынан Владимир Веревкин каршы команданын дарбазасына 1:0 эсебине гол киргизди. Оюндун 64-мүнөтүндө Алай командаснан Павел Сидоренко 2:0 эсебине коноктордун дарбазасына гол киргизди. Оюнда «Ала-Тоо» командасынын оюнчусу Мустафа Юсупов эрежени эки ирет бузгандыгы үчүн сары карточка алып, аталган команданын оюнчулары азайды.

Жыйынтыгында «Алай» командасы 4:0 эсебине «Ала-Тоо» командасын жеңди.

«Алай» командасынын машыктыруучусу Борис Стрельцов билдиргендей, оюн кызыктуу өттү жана оюнчулар берилгендик менен ойноду. «Биздин команданын спортчулары күнүнө эки ирет даярданышууда. Күчөтүлгөн тартиптке «Алга» жана «Абдыш-Ата» командалары менен жолугушууга даярданып жатабыз», - дейт Б.Стрельцов.

Эскерте кетсек, «Алай» командасы Кант шаарынын «Абдыш-Ата» футболдук командасы менен 2-июль күнү беттешет. Учурда «Алай» командасы 9 жолугушууда 18 упай менен турнирдик таблицада 4-орунда турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×