Бөлүмдөр
Жума, 24-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 24.06.2014 13:54

А.Келдибековдун жолду тоскон тарапташтарына карата 3 кылмыш иши иликтенүүдө, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерине кол салуу фактысы да бар

Turmush -  А.Келдибековдун жолду тозгон тарапташтарына карата 3 кылмыш иши козголду.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтарына карата үч кылмыш ишин козгогон.

Ведоствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тергөө иштерин жүрүшүндө кылмыш иши боюнча жүрүп жаткан адамдардын өздүктөрү аныкталган.

Ушул жылдын 23-июнунда Алай районунда буга чейин тосулган унаа жолдун участкасында А.Келдибековдун тарапташтары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

24-июнда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзүү башталат. Кылмыш ишинин фигураттары суракка чакырылды жана көрсөтмө беришет.

«Кылмыш иши КР кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси боюнча козголду. Бир кылмыш иши жол тосуу боюнча «өзүм билемдик» беренеси боюнча, башка кылмыш иши «бейбаштык» беренеси боюнча козголгон. Мындан тышкары милиция кызматкерине кол салуу эки фактысы «укук коргоо органдар кызматкерине карата күч колдонуу жана кол салуу» беренесине бириктирилген», -деп билдиришти ведомсвтодон.

Маалымдалгандай, тарапташтардын арасында түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө кылмыш иштин баардык фигураттары өздөрүнүн катышкандыгын мойнуна алышкан жана аталган кылмыш иши боюнча иликтөөнү чакыртып алууну суранышкан. Бирок, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул кылмыш иштери боюнча иликтөө мыйзамдын алкагында жүрө тургандыгын жана жооптуулар тиешелүү жазасын ала тургандыгын белгиледи», - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Кечээ, маалымдалгандай, А.Келдибековдун тарапташтары Ош-Эркештам унаа жолун ачышыкан, бирок, каршылык акциясын жолдун четинде улантышууда.

алай 3

Тема боюнча: А.Келдибековдун тарапташтары Ош - Эркештам унаа жолун толук ачты, бирок каршылык акциясы уланууда

Депутат А.Келдибековдун тарапташтары боз үйлөрдү чечип, жолдогу таштар менен шагылдарды алышты

Премьер Ж.Оторбаев Алайдан келишкен А.Келдибековдун тарапташтарын кабыл алууда Ош-Эркештам жолун ачуу келишимине жетишилди

Ош - Эркештам унаа жолунан 400гө жакын Кытай жараны өтө албай турушканын билдирип, КЭР консулдугу укук коргоо органдарына кайрылды (фото)

Премьер Ж.Оторбаев Алайдагы митинг боюнча: Биз жол тоскондор менен сүйлөшүп, кырдаалды тынч чечүүгө аракет кылабыз (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×