Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 24.06.2014 09:52

Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолу таш көчкүдөн тазаланып, жол бир тарапка ачылды

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолу таш көчкүдөн тазаланып, жол бир тарапка ачылды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 20-июнь күнү саат 14:00дөр чамасында Ош – Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун 167-чакырымында (Талдык ашуусу) көлөмү болжол менен 8960 м³ (узундугу 80м, бийиктиги 8 м, туурасы 14 м) болгон таш көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Тазалоо иштерин «Ош – Сары-Таш - Эркештам» жол башкармалыгынан 3 жүктөгүч, 4 самосвал, 1 экскаватор жана 1 кран тартылып, кечээ, 23-июнь күнү саат 19:00дө унаа жолу унаалар өтүүсүнө бир багытка ачылды.

Кеңейтүү иштери улантылууда.

Тема боюнча: Көчкү түшкөн Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 40 метр аралыгы тазаланды (фото)

Алайдагы Ош — Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун 168-чакырымында жер көчкү түшүп, жол жабылды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×