Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
БаракелдеАлай району, Бишкек 23.06.2014 14:10

А.Келдибековдун тарапташтары Ош - Эркештам унаа жолун толук ачты, бирок каршылык акциясы уланууда

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун тарапташтары бүгүн, 23-июнда Алай районунун Тамчы участкасындагы Ош - Эркештам унаа жолун толугу менен ачты. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, кечээтен баштап жолдун так ортосуна тигилген боз үйлөр чечилип, шагыл таштар алынып баштаган. Учурда жол толугу менен ачылып, 8 боз үй жолдун четинде тигилүүдө.

Ушул тапта ал жерде 100-120дай адам каршылык акциясын улантышууда.

Эске салсак, митингчилер 27-майдан баштап, Ош-Эркештам унаа жолун буушкан. Алар камактагы депутат Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабы менен каршылык акциясына чыгышкан болчу. Буга чейин алардын өкүлдөрү премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин, вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин жана Жогорку кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековлун кабыл алуусунда болушкан.

Тема боюнча: Депутат А.Келдибековдун тарапташтары боз үйлөрдү чечип, жолдогу таштар менен шагылдарды алышты

Премьер Ж.Оторбаев Алайдан келишкен А.Келдибековдун тарапташтарын кабыл алууда Ош-Эркештам жолун ачуу келишимине жетишилди

Ош - Эркештам унаа жолунан 400гө жакын Кытай жараны өтө албай турушканын билдирип, КЭР консулдугу укук коргоо органдарына кайрылды (фото)

Премьер Ж.Оторбаев Алайдагы митинг боюнча: Биз жол тоскондор менен сүйлөшүп, кырдаалды тынч чечүүгө аракет кылабыз (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×