Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 20.06.2014 11:13

Премьер Ж.Оторбаев Алайдан келишкен А.Келдибековдун тарапташтарын кабыл алууда Ош-Эркештам жолун ачуу келишимине жетишилди

Turmush -  Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кечээ, 19-июнда камактагы депутат Ахматбек Келдибековдун Алайдан келишкен тарапташтарын кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, делегация менен жолугушууга, ошондой эле, Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, митингчилер А.Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесинде кызматташтык көрсөтүүнү өтүнүшүтү.

Өз кезегинде, премьер-министр бул маселе мыйзамдардын чегинде дыкат караларын ишендирип өттү. «Мыйзамдын диктатурасы» катуу сакталышы керек болгон жана ультиматумдар жок жана ага орун да болбогон укуктук мамлекетте жашайбыз. Биз мындай учурларга жол бербешибиз керек, жолдор ачык болушу керек», - деп белгиледи өкмөт башчы.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Ош-Эркештам жолун тезинен ачуу жөнүндө келишимге жетишилди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков да А.Келдибековдун Алай районунун Сопу-Коргон айылынан келген тарапташтарынын сегиз өкүлүн кабыл алган.

Тема боюнча: Премьер Ж.Оторбаев Алайдагы каршылык акциясы боюнча Оштон келген демилгелүү топту кабыл алды

А.Келдибековдун тарапташтарын премьер-министр Ж.Оторбаев жана башкы прокурор А.Салянова дагы кабыл алышы керек, - депутат Ж.Жолдошева

Вице-премьер А.Маматалиев А.Келдибековдун тарапташтарына алардын өкүлдөрүн премьер-министр менен жолуктурууга убада берди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×