Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 11.06.2014 13:13

Ош—Эркечтам жолунун тосулуп турганына байланыштуу түшпөй калган бажылык төлөмдөр 83 млн сомдү, - Бажы кызматы

Turmush -  Ушул жылдын 27-майынан кечээ, 10-июнга чейин Ош—Эркечтам унаажолунун тосулуп турганына байланыштуу 155 автоунаа өтө албай турат жана алдын ала маалыматтар боюнча түшпөй калган бажылык төлөмдөр 83 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Учурда кытай тараптан Кыргызстанга кирген товарлар жүктөлгөн унаалардын саны кескин кыскарууда. Анткени ишкерлер болуучу чыгымдарынан коркушуп, алардын кирүүсүн токтотуп жатышат. Мындай абал ушул жылдын июнь айынын аягына чейин сакталса, бажылык төлөмдөр боюнча түшпөй калуучу бюджеттик кирешелер 180 млн сомдон ашышы мүмкүн», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×