Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 06.06.2014 08:43

А.Атамбаев Алайдагы жол тосуу боюнча: Жол тосуп жаткандар эртеби-кечпи жооп бериши керек

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев Түркияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Алайдагы окуя боюнча комментарий берди.

А.Атамбаев 2-июндан баштап Түркия Республикасынын жогорку жетекчилигинин чакыруусу боюнча Түркияда жумушчу сапары менен болуп, кечээ, 5-июнда Бодрум шаарында иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Президенттин пикиринде, Алайдагы окуяны уюштуруп жаткандар башында бийликтин айыпталуучу депутат Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүн каалап жаткан. Эми анын бошотулушун талап кылып жатат.

«Мен бул иштин териштирилишине кызыгып көргөм. Бир жылдан бери А.Келдибеков Башкы прокуратура тарабынан тагылып жаткан айыптар менен таанышуудан баш тартып жатат. Эгерде, адам өзүнүн күнөөлүү эмес экенине көзү жетсе соттун тездетилишине шашат. Эгерде, адам өзүнөн кандайдыр бир күмөн санап жатса сотторго, тергөө органдарына кысым көрсөтө баштайт», - деди ал.

Мындай абалдар албетте аягына чыгат, деген А.Атамбаев: «Бирок, элдердин жанагындай башаламандык уюштуруулары менен өлкө жабыркап жатат. Эгерде, анын күнөөсү жок болсо, «менин айыбымды угузгула» деп талап кылышы керек болчу да. Кандайдыр бир өлүм алдындагы ооруну ойлоп табышыптыр. Мен өзүм деле (ред. бутунан) так ушундай операция болдум, бул өлүм алдындагы оору эмес», - деди.

Ошондой эле, элдердин жол тосуусу менен ар кандай жагымсыз окуялар болуп жатканын белгилеп: «Жол тосуунун айынан эмне деген окуялар болуп жатат, ким үчүн тосуп жатышат эл ойлонушу керек болчу. А мүмкүн, А.Келдибековдун күнөөлөрүнүн бардыгы туурадыр. Ал кайсы жерде иштебесин уурдап жегендир», - деди Атамбаев.

Ошондой эле, ал үчүн өлкөнүн тагдыры маанилүү экенин билдирип, мындай окуялар аны өкүндүрүп жатканын айтты.

Бардыгы өтөт. Бирок, ар бир жаран өзүнүн жоопкерчилигин сезбесе, күнөөсүн мойнуна албаса, анда өлкөнүн келечеги бүдөмүк (мутный) бойдон калаарын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, Конституция боюнча укук тартибине өкмөт жооптуу. Бул маселени өкмөт күч колдонуусуз, туура чечүүгө киришет деген ишеничте. Жол тосуп жаткандар эртеби-кечпи жооп бериши керек. Сарууда башаламандык уюштургандар өзүнүн жазаларын алышты. Алайдагы абал боюнча дагы күнөөлүү тараптар жооп берүүгө тийиш, деп кошумчалады.

Эске салсак, 27-майдан баштап Ош облусунун Алай районундагы Ош-Эркештам унаа жолун тосуп турган А.Келдибековдун тарапташтары депутаттын бошотулушун талап кылууда.

Тема боюнча: А.Келдибековдун 10го жакын атчан тарапташтары кол салган Алай РИИБдин кызматкери А.Маматовдун мээси чайкалып, денесинен жаракат алды, - ИИМдин Оштогу башкармалыгы

Алайда Ош — Эркештам унаажолун тосуп турган митингчилерден фоторепортаж

Фоторепортаж — Ош ОИИБи Алай районунда каршылык акциясынын 14 катышуучусу боюнча административдик протокол түздү

Алай РИИБ: Ош-Эркештам жолун тосуп турган А.Келдибековдун тарапташтарына карата 3 кылмыш иши козголду

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×