Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуАлай району 02.06.2014 16:06

Ош - Эркештам унаа жолунда 100дөй жүк ташуучу автоунаалар топтолуп турат, - Ош шаарынын жол кайгуул кызматы

Turmush -  Ош-Эркештам унаа жолунда 10 жүк ташуучу автоунаалар топтолуп турат, аларды жолду тосуп турган А.Келдибековдун тарапташтары өткөрбөй жатышат. Бул тууралуу Ош облусунун жол кайгуул кызматынын үгүттөө жана пропагандалоо бөлүмүнүн башчысы Азиз Пазылов Turmush басылмасына билдирди.

Анын айтуусунда учурда Ош облусунун Алай районунун Тамчы участкасында А.Келдибековдун тарапташтары 27-июндан тарта Ош-Эркештам жолун депутатты камактан бошотуу талабы менен тосуп турушат.

Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери митингчилер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өзгөчө муктаж унааларды өткөрүшүүдө.

«Унаа жолдо 10го жакын жүк ташуучу унаа токтоп турат, алардын өтүүсүнө жол бербей жатышат. Жеңил унаа менен келген адамдар бекитилген жолдон жөө өтүшүп, жолдун тигил бетиндеги унааларга отуруп кетишүүдө. Кээ бири Алайга кетиши үчүн башка унааларга отуруп кетишсе, башкалары Ош шаарына такси менен кетишүүдө. Учурда кырдаал тынч жана туруктуу», - деди А.Пазылов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×