Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуАлай району 02.06.2014 14:43

Ош ОИИБдин кызматкери А.Жээнбаев Алай районундагы каршылык акциясынын катышуучулары тарабынан сабалды, - ОИИБ

Turmush -  Ош облусунун ИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкери Анатолий Жээнбаев 31-майда саат 16:00дө Алай районундагы ЖК депутаты А.Келдибековдун бошотулушун талап кылган каршылык акциясынын катышуучулары тарабынан сабалды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Ош-Эркештам унаа жолун тоскон топ, коомдук-тартипти сактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган милиция кызматкерлеринен аталган участоктон чыгып кетүүнү талап кылышкан.

Жыйынтыгында С.К. башында турган чогулган адамдар тарабынан Ош ОИИБдин бир кызматкери сабалган.

Аталган факт боюнча бүгүн, 2- июнда бийлик өкүлдөрүнө карата күч колдонуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тема боюнча: Алайда Ош — Эркештам унаажолун тосуп турган митингчилерден фоторепортаж

Алайда каршылык акциясына чыккан А.Келдибековдун тарапташтары 7 боз үй тигишти

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×